Момбеков: Күздөн бери вице-премьер шайлай берип башыбыз айланды
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өкмөт башчынын орун басарлык кызматында отургандардын саны ашыкча экенин айтууда. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев "төрт вице-премьерлик кызматтын кереги жок" деген пикирин билдирди. Ал эми ошол эле фракциянын өкүлү, депутат Рыскелди Момбеков вице-премьерлик кызматка келип-кеткендер көп болуп жатканын сындады: - Биз күздөн бери эле жалаң вицелерди шайлап келе жатабыз. Бири жылып кетет, бири жыдып, бири басып, бири качып кетет. Читать дальше...