Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 6% шайлоочу добуш берди
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 10:00го карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 2672 шайлоочу добуш берди. Бул тизмеге кирген шайлоочулардын 6% түзөт. Активдүүлүк айрыкча Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңешинде байкалды. Бул аймакта добуш бергендердин саны 9% жетсе, экинчи орунда 7,5% менен Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңеши турат. Ал эми үчүнчү жолу мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жаткан Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаарларында добуш бергендер 6% тегерегин түздү. Читать дальше...