"Улуттук энерго холдинг" ЖЭБде түтүк жарылганын төгүндөдү
"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын өкүлү Аман Калыбековдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, "Бишкек жылуулук электр борборунда дагы бир түтүк жарылды" деген маалымат туура эмес. Түтүк жарылган эмес, №24 кошумча агрегатты ишке киргизүүдө түтүктө жарака кетип, иштен чыккан. Адистер аны дароо эле оңдогон. Азыр жылуулукту калыбына келтириш үчүн дагы бир от казанды иштетүү аракети көрүлүүдө: - Ар бир түтүктө индикаторлор турат. Иштен чыкканы эски жабдыктагы түтүк болчу. Суукка байланыштуу иштебей калган. Читать дальше...