Германия: социал-демократтар коалицияга кирүүгө макул
Германияда Социал-демократиялык партиянын көпчүлүк мүчөлөрү канцлер Ангела Меркелдин партиясы менен биргеликте "чоң коалицияга" кирүүнү колдошту. Партиянын ичинде өткөн референдумдун жыйынтыгы жекшемби таңда жарыяланды. Добуш берүүгө партиянын 380 миңдей мүчөсү катышып, алардын үчтөн экиси коалицияга кошулууну жакташты. Бул деген алдыдагы апталарда Германияда министрлер кабинети куралат дегенди айгинелейт. Былтыр күздө өткөн парламенттик шайлоодон кийин партиялар ортосундагы пикир келишпестиктерден улам канцлер шайланбай келген. Читать дальше...