Австралия аскерлеринин Ооганстандагы аракеттери иликтенүүдө
Австралия өкмөтүнүн комиссиясы өлкөнүн атайын күчтөрү Ооганстанда согуш кылмыштарына барган-барбаганын жашыруун иликтеп жатат. Бул тууралуу Австралиянын маалымат каражаттары жазышты. Ачыкка чыгып кеткен документке ылайык, Аба күчтөрүнүн тандалма бөлүгүнүн аскерлери “операциялар убагында уруксат берилбеген жана мыйзамсыз ыкмаларды пайдаланып зомбулукка барышкан”. Андай учурларды текшерүү 2016-жылы башталган. Анын жүрүшүндө Коргоо министрлигинин өкүлдөрү жана социолог Саманта Кромпвец ондогон жоокер менен сүйлөшкөн. Читать дальше...