Бишкек-Ош жолунун убактылуу жабылган бөлүгү кайра ачылды
Бишкек-Ош унаа жолунун убактылуу жабылган бөлүгү кайра ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 26-июнда саат 20:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Бул чектөө бүгүн саат 06:00дө кайра алынды. 26-июнда Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктү тилкеси)... Читать дальше...