Тышкы карыздын көлөмү Ички дүң өнүмгө карата 53,9% жетти
Кыргызстандын тышкы карызынын жалпы көлөмү 2017-жылдын соңуна карата 4 миллиард 80 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме тараткан маалыматта бул сан Ички дүң өнүмгө карата 53,9% түзөрү, карыздар өз убагында төлөнүп жатканы айтылат. Көп тараптуу насыялардын 89% Дүйнөлүк банкка, Азия өнүктүрүү банкына жана Эл аралык валюта фондуна туура келет. Ал эми эки тараптуу келишимдер боюнча алынган карыздын 90% Кытай, Орусия жана Жапонияга төлөнүшү керек. Читать дальше...