"Авиа Траффиктин" дарегине жетпей конгон учагы каттамдан алынды
Бишкек-Анталия багытына учуп, бирок дарегине жетпей артка кайткан учак каттамдан алынды. Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин чечимине ылайык, ал окуя иликтенип бүтмөйүнчө колдонулбайт. Бул тууралуу "Авиа Траффик" компаниясынын сапат боюнча менежери Станислав Неверов "Азаттыкка" билдирди: - Экипаждын бардык мүчөлөрү суралат. Күбөлөр да суралат. Андан соң учакка эксперттик топ баа берет. Иликтөө комиссиясынын расмий тыянагы чыкмайынча, учак каттамга коюлбайт. Читать дальше...