Таластагы өрттү өчүрүүгө 500 киши тартылды
Таластагы Алмалуу жайлоосунда, Казакстан менен чектеш аймакта болжол менен 1000 гектар жерди каптаган өрттү өчүрүүгө 500 киши тартылды. Өрт үч жолу өчүрүлгөнүнө карабай, кайра тутанып жатат. Жергиликтүүлөр буга казак тараптан келген шамал себеп болуп жатканын айтышты. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Азаттыкка” билдиргендей, кыргыз өкмөтү Казакстанга кайрылып, өрткө каршы биргелешип күрөшүүгө чакырганы жатат: - Өзгөчө кырдаалдар министри бүгүн Таласка жөнөп кетти. Өкмөт башчы да тийиштүү тапшырмаларды берди. Читать дальше...