Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүп жатат
“Ала-Арча” резиденциясында башталган жыйынга Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык коом өкүлдөрү катышып жатат. Жыйындын күн тартибине эки маселе: Кыргызстандын 2040-жылдарга чейинки өнүктүрүү стратегиясы жана 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы каралат. Аталган стратегиялар боюнча Улуттук кеңештин катчысы Нурсулуу Ахметова жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берери күтүлүүдө. Читать дальше...