Беш жылда 26 миң гектар жерге суу жеткирүү пландалууда
Кыргыз бийлиги беш жыл аралыгында 26 миң гектар жерге суу жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын аткаруу планынын алкагында билдирди. Аталган планга ылайык, айыл чарба жерлерине суу жеткирүү үчүн 46 суу чарба долбоорун ишке ашыруу каралган. Анын натыйжасында 66,5 миң гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлүп, 51 миң гектар жердеги ирригациялык системалар оңдолот. Анын ичинен жакынкы беш жыл аралыгында 25 миң гектар кайрак жерге суу жетиши керек. Читать дальше...