Советтик армия Чехословакияга басып киргенине 50 жыл толду
Мындан туура 50 жыл мурун, 1968-жылдын 21-августунда "Варшава келишимине» кирген өлкөлөрдүн армиясы Чехословакияга басып кирген. «Дунай» деп аталган операцияга жүз миңдеген жоокерлер, миңдеген танкалар тартылган. Чехословакияга кирүү тууралуу чечимди СССРдин жетекчилиги кабыл алып, советтик армия негизги күч болгон. Операциянын максаты “Прага жазы” деп аталган реформачыл кыймылдын жана аны ишке ашырууга белсенген чехословак бийлигинин мизин кайтаруу болгон. Чет элдик аскерлер Чехословакиянын бийлигинин макулдугусуз эле киргизилген. Читать дальше...