Акыйкатчы институту: Сатыбалдиевдин ден соолугун текшериш керек
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Сатыбалдиев буга чейин да учурашып чыккан Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине жүрөгүн текшерүү керек экенин айткан. Анын айтымында, 2013-жылы жүрөгүнө байланыштуу операция жасалып, дарыгерлер ден соолугун маал-маалы менен текшертип турууну сунуш кылышкан. Сатыбалдиев түнкүсүн уктай албай жатканын да билдирген.