Кылычбек Султан: Каденова жөнүндө маалымат таратпоого тапшырма берилген
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова мас болуп калганына байланыштуу маалыматты таратпоо тапшырмасы президенттик аппараттан берилгенин билдирди. Ал бул тууралуу 24-сентябрда Бишкектеги атайын маалымат жыйынында билдирди. - Президенттик аппараттан "Каденова тууралуу маалыматты таратпагыла" деген көрсөтмө келген. Анын мас болгонун ырастачу далилдер бар. Авиакомпаниянын актысында "Каденова мас болчу" деп жазылган. Читать дальше...