Бозгунда жүргөн белгилүү укук коргоочу Өзбекстанга кайтты
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, 78 жаштагы Толиб Якубовду 26-сентябрда Ташкенттин аэропортунда туугандары, достору, укук коргоочу кесиптештери тосуп алды. Ал мекенине он жылдан ашуун Францияда бозгунда жүргөн соң кайтып барды. Өзбекстандын Адам укуктары коомунун негиздөөчүсү Якубов мекенинен 2007-жылы качууга аргасыз болгон, 2014-жылы өзбек бийлиги аны жарандыктан ажыраткан. Учурунда француз жарандыгы бар Якубовго өзбек жарандыгы кайтарылып берилеби же жокпу, азырынча белгисиз. Читать дальше...