Мамкаттоо Кулматов боюнча арызын кайтарып алганына түшүндүрмө берди
Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча Биринчи май райондук сотуна берген арызын кайтарып алган себебин түшүндүрдү. Мекеменин юристи Бакыт Жакеев “Азаттыкка” берген комментарийинде, арыз анда көрсөтүлгөн маалыматтарды толукташ үчүн чакыртылып алганын айтты. - Азырынча Кулматовдун паспортун мыйзамдуу же мыйзамсыз деп жыйынтык чыгаруу эрте. Биз баштапкы соттук отурумда кээ бир документтер, кошумча-алымчалар керек экенин түшүндүк. Читать дальше...