Карамушкина: биз КСДПга мүчө болгон башка фракция лидерин тандашыбыз керек
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов аталган партиянын саясий кеңешинин аны партиядан чыгаруу тууралуу чечимин фракция жыйынынын күн тартибине киргизүүдөн баш тартты. Бул тууралуу "Азаттыктын" парламенттеги кабарчысы билдирди. Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө саясий кеңештин чечимин жыйындын күн тартибине киргизүү өтүнүчү менен КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина кайрылган. Бирок Өмүркулов отурумдун протоколунун, катышуучулардын жана ишеним кагаздарынын саны жоктугун жүйө келтирип, канааттандырган жок. Читать дальше...