Сариев президенттин мурдагы бийлик өкүлдөрү менен жолугушуусун кубаттады
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин экс-төрагаларынын жана мурдагы өкмөт башчыларынын жолугушуусун кубаттап, муну кыргыз саясатындагы жаңылык катары сыпаттады. - Мурда мындай маданият жок эле. Жогорку кызматтан кеткендердин баарын эле убагында бийлик душман катары көрө берчү. Бүгүнкү саясатта жаңылык болуп жатат. Муну жолугушууга баргандардын баары айтты, - деди ал. Президент Сооронбай Жээнбеков 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчылары менен жолукту. Читать дальше...