Сурамжылоо: Орусияда Путиндин рейтинги 60 пайыздан ылдыйлады
"Левада-борбордун" соңку сурамжылоосу Орусиянын президенти Владимир Путиндин рейтинги акыркы беш жылда биринчи жолу 60 пайыздан төмөндөгөнүн көргөзгөн. Сурамжылоого катышкандардын 56 пайызы гана 2024-жылы боло турган шайлоодо Путинге добуш бере турганын айтышкан. Бул бир жыл мурда суралгандардан 10 пайызга аз. "Левада-борбордун" маалыматына караганда, 2013-жылы да Путинди колдогондордун саны 60 пайыздан ылдый болгон. Владимир Путин Орусияны президент жана премьер-министр катары 1999-жылдан бери башкарып келе жатат. Читать дальше...