Башкы прокуратура Атамбаевдин бизнесине байланыштуу жагдайларды териштирет
Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жагдайларды териштирүүнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Кубатова билдирди. Анын айтымында, Коррупцияга каршы кызмат экс-президенттин мүлкү боюнча коомдук ишмер Эдил Байсаловдун маалымат каражаттарына чыккан билдирүүлөрүн карап чыгышы керек. Буга чейин Байсалов Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу текшерүүнү талап кылган. Читать дальше...