Ирандын мунай сатуусуна чектөө алынбаса, анда өзөктүк келишимде калуусу пайдасыз
Ирандын өзөктүк энергия боюнча уюмунун башчысы Али Акбар Салехи Reuters агенттиги менен болгон маегинде Тегерандын мунай сатуусуна жана каржылык бүтүмдөрүнө чектөөлөр киргизилип турган чакта өзөктүк келишимде калуу аракети пайдасыз болуп саналарын билдирди.