Ирандын сакчылар корпусунун кеминде 20 мүчөсү курман болду
Ирандын түштүк-чыгышында жанкечтинин кол салуусунан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кеминде 20 мүчөсү курман болуп, дагы ону жараат алды. Бул тууралуу Ирандын IRNA жана Fars маалымат агенттиктери кабарлашты. Кол салууну сунни согушкерлеринин "Жаиш ал-Адл" тобу өз мойнуна алды. Fars агенттигинин кабарына караганда, жанкечти сакчылар корпусунун кызматкерлерин салган автобуска барып урунган. Аскерлерди салган автобус Пакистан менен чектеш аймактагы Систан-Белужистан провинциясындагы... Читать дальше...