Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешме өтүп жатат (видео)
Чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешмеде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров облус аймагындагы коомдук-саясий абал тууралуу маалымат берди. Анда айтылгандай, 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14 ирет чыр-чатак чыгып, анын 11и Баткен районунун, үчөө Лейлек районунун аймагында катталган. Чек арада чыккан чатактын сегизинде жергиликтүү эки эл тарабынан ок атылган. Чек ара аймагында тажик жарандары тарабынан 37, кыргыз тараптан 10 мыйзамсыз курулуштарды куруу катталган. Читать дальше...