Ат-Башыда дагы митинг өттү
30-январда Ат-Башы районунда логистикалык борборго байланыштуу митинг өттү. Анда чогулган кишилерге өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Касен Асизов, Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев чыгып сөз сүйлөштү. Алар соода-логистикалык борбор курулушу керек экенин, аймакка жумуш орундары түзүлөрүн, анын пайдасын айтып беришти. Бул митингди жергиликтүү журналист Алия Калыбекова «Фейсбуктагы» баракчасында түз эфирде чагылдырды. Чогулгандардын арасында өзүн Азамат Чериков... Читать дальше...