Букер сыйлыгын шотландиялык жазуучу алгачкы чыгармасы үчүн алды
Шотландиялык жазуучу Дуглас Стюарттын алгачкы романы адабият жаатындагы абройлуу деп саналган Букер сыйлыгына ээ болду. «Шагги Бейн» («Shuggie Bain») деп аталган автобиографиялык романда Глазгодо 80-жылдары чоңойгон бала тууралуу баяндалат. Ошондой эле каармандын аракечтиктен жабыркаган энесин жакшы көргөнү чагылдырылат. Стюарттын өзүнүн энеси ал 16 жашка чыкканда аракечтиктен каза болгон. Жазуучу сыйлыкка ээ болгонун укканда көзүнө жаш алып, апасына ыраазычылык билдирип, «ал болбосо мен да, эмгегим да жаралмак эмес» деп айтты. Читать дальше...