Кыргызстанда туризмдин көлөмү 90% кемиди
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өнүктүрүү программасы (UNDP) өткөргөн туризм тармагында иштегендер үчүн онлайн тренингде 2020-жылы өлкөдө туризм тармагынын 90% киреше ала албай калганы айтылды. Аталган программа Кыргызстанда «окуялуу туризмди өнүктүрүү» багытында Нарын, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустунун ишкерлери үчүн аралыктан окутуу уюштурган. 30-ноябрда тренингдин ачылышы болду. Анда Кыргызстандагы туризмдин кирешеси 2020-жылы COVID-19 вирусунун айынан 80-90% азайганы белгиленди. UNDP уюштурган окутууларга 25 ишкер катышууда. Читать дальше...