Кеминде поезд тебелеп кеткен жигит эки бутунан ажырады
Кемин районунда поезддин астында калган 25 жаштагы Тилек Жумабеков эки бутунан ажырады. Ал Бишкектеги №4 шаардык клиникалык ооруканада жатат. Кырсык 31-декабрда болгон. Ал темир жолго кулап кеткен адамды куткарам деп өзү поезддин астында калып калганын жакындары «Азаттыкка» билдиришти. №4 шаардык клиникалык оорукананын жетекчиси Сабырбек Жумабековдун айтымында, анын бутун поезд алып кеткен. Канды жергиликтүү бейтапканада токтотушкан соң Бишкекке алып келишкен. «Жигиттин абалы орточо оор», деди дарыгер. Читать дальше...