COVID-19: Бир суткада эки бейтап кайтыш болду, вирус 124 кишиден табылды
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн алды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов 6-апрелдеги брифингде билдиргендей, бир суткада вирус 124 кишиден жаңы аныкталды. Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда. Оору жугузуп алгандар негизинен Бишкек менен Чүйдө көп катталып жатат. Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1509 кишиге жетти. Читать дальше...