Айзаданын өлүмү: Кандуу окуянын сүрөтүн тараткандар изделүүдө
Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жана кылмышка шектүү Замирбек Теңизбаевдин сөөктөрү табылган учурда тартылган сүрөттөрдү Интернетке тараткандар изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, сүрөт кандай жол менен тарап кеткенин ИИМдин Ички иликтөө кызматы териштире баштады. 27 жаштагы Айзада Канатбекованы өлтүргөн соң өз жанын кыйган деп айтылып жаткан кишинин сөөгү табылгандан кийин... Читать дальше...