COVID-19: Соңку беш айдан берки эң жогорку көрсөткүч катталды
Кыргызстанда коронавирус боюнча көрсөткүч соңку беш айдан бери бүгүн 16-январда эң жогорку чекке жетти. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 16-январдагы маалыматына караганда, соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 874 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (670 адам). Акыркы жолу 840 бейтап катталган учур былтыркы жылдын 5-августунда болгон. Андан бери ооругандардын расмий статистикасы азайып, декабрдын башында 30дун тегерегинде болуп турган. Кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду. Читать дальше...