Путин менен Лукашенко Орусияда жолукту
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада жолугушту. Бул тууралуу эки өлкөнүн лидерлеринин сайттары маалымдады. Сүйлөшүү эки саатка созулуп, андан кийин алар биргелешкен билдирүү жасашты. Анда алар коопсуздук боюнча кызматташуу темасын талкуулап, соңку биргелешкен макулдашуу кайсы бир тарапка чабуул жасоо максатында эмес, коргонуу максатында өтүп жатканын айтышты. Путин өз сөзүндө учурда Украинанын чыгышында кырдаал курчуп жатканын белгилеп... Читать дальше...