Орус прокуратурасы Навальныйга экинчи иш боюнча 13 жыл сурады
Мамлекеттик айыптоо соттон орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды алдамчылык жана судьяны мазактоо беренелери боюнча 13 жылга эркинен ажыратып, 1,2 миллион рубль айыпка жыгууну өтүндү. Жараян Навальный башка иш боюнча жазасын өтөп жаткан Владимир облусунун Покров шаарындагы колонияда өтүүдө. Бүгүн сотто тараптардын жарыш сөзү жүрүп жатат. Прокуратура Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун (Орусиянын бийлиги экстремисттик деп тааныган жана тыюу салган) банк эсептерине... Читать дальше...