Кыргыз-өзбек фондунун алкагында 350 долбоорду ишке ашыруу сунушталат
Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров 14-апрелде Бишкекте Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун ачылышында билдирди. Ал фонддун азыркы баштапкы капиталы 50 миллион долларды түзгөнүн, келечекте 200 миллион долларга чейин жеткирилерин айтты. “Эки өлкөнүн алакасына жакшы таасир эткен бул фонд иштей баштаса, 350 долбоорду ишке ашыра алабыз деп турабыз. Бул долбоорлор толук иштелип чыккан. Фонддун каражаты азырынча өзбек тарапка таандык, бирок алдыда биз дагы салым кошобуз деп турабыз”,-деди Сабиров. Читать дальше...