Элчилик: Кыргызстандыктар Орусияга учак менен гана бара алат
Учурда Кыргызстандын жарандарына Орусиянын аймагына кирүүгө аба аркылуу гана уруксат берилген. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Казакстан кыргызстандыктардын көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу кирүүсүнө чектөөнү алып салган. Бирок Орусия чектөөнү ала элек. Элчилик Орусиядан өткөрүү пункттар аркылуу автоунаа менен чыгууга гана уруксат берилерин, муну эске алуу керектигин эскертти. Кыргызстандын Чек ара кызматы 11-апрелден тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө чектөөлөрдү жойгонун билдирген. Читать дальше...