Мамбетжунус Абылов суракка алып келинди
"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абыловду милиция алып кеткенин жакындары "Азаттыкка" кабарлашты. Маалыматка ылайык, Абыловду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкен. Мамбетжунус Абылов Тергөө башкармалыгына суракка алып келингенин ИИМдеги жеке булактар ырасташты. Мамбетжунус Абыловго 26-октябрда кылмыш иши козголуп, үй-жайы тинтүүгө алынганын, милиция анын үйүнөн эки диск алып кеткенин укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" маалымдаган. Читать дальше...