Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Декабрь
2022

Новости за 15.12.2022

Azattyk.org 

Иран: элдик толкундоо эмне менен аяктайт?

Иранда үч айдан бери уланып жаткан каршылык акцияларынын эки катышуучусу дарга асылды. Бийликтин мындай аракеттерине карабай Ислам жумуриятынын аймактарында толкундоолор токтогон жок. Аялдардын укуктарын коргоп чыккан эл эми экономикалык, социалдык жана саясий талаптарды коюуда.




Azattyk.org 

Бишкек кара түтүндөн кантип кутулат?

World Air Quality уюмунун 13-декабрдагы маалыматында Бишкек дүйнөдөгү аба эң булганыч делген үч шаардын катарына кирди. Кээ бир учурда Кыргызстандын борбору 21 миллиондон ашуун эли бар Кытайдын Бээжин, алты миллиондон ашуун киши жашаган Бангладештин борбору Дакка шаарынан алдыга чыгып кетет. Кыш менен кошо келген калаанын башкы көйгөйүн Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев, шаар өнүктүрүү боюнча адис Атай Самыйбек, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов жана Германияда жашаган инженер Канат Ишенбек менен талкуулайбыз.

Azattyk.org 

Тажикстан соттолгон журналисттер эң көп өлкөлөрдүн тизмесине кирди

"Журналисттерди коргоо комитети" Тажикстанды маалымат каражаттарынын өкүлдөрү эң көп соттолгон 12 өлкөнүн тизмесине киргизди. Комитеттин 14-декабрда жарыяланган баяндамасында Тажикстанда алты журналист түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыратылганы белгиленген. Бул - Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүч. Баяндаманын авторлору журналисттердин иши сот залында эмес, тергөө абактарында жабык режимде каралып келгенин, айрым айыпталуучулар кыйноолорго даттанганын жазышкан. Тажикстанда 2022-жылы журналисттер жана блогерлер Далер Имомали... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Мурас" турнирин "Спорттук федерациялар" командасы утту

Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү өткөрүлгөн футбол боюнча үчүнчү “Мурас” турнири жыйынтыкталды. Биринчи орун үчүн “Спорттук федерациялар” жана “Президенттин командасы” беттешип, 4:3 эсебинде спортчулардын командасы жеңип 400 миң сомдук сертификат алды. Экинчи орун үчүн 300 миң сом берилди. Үчүнчүнү “Коопсуздук”, төртүнчү орунду “Достук” командасы алды. “Мурас” турнирин Кыргызстандын футбол союзу менен президенттин администрациясы уюштурду. Ага президенттин администрациясы, Жогорку Кеңеш, ата мекендик футболдун ардагерлери... Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУ “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алды

Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Башкы Ассамблеянын 77-сессиясы бир добуштан “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алды. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 109 мамлекет ага авторлош катары кошулду. “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Үй-бүлөдөгү зомбулук: "Аялдын сөөгү сандыктан чыкты"

Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктан дагы эки келиндин жаш өмүрү жайран болду. 14-декабрда Кара-Сууда чогуу жашаган аялды өлтүрдү деген шек менен 49 жаштагы жаран кармалды. 11-декабрда Сокулук районунда жарандык никедеги эркектин ур-токмогунан 24 жаштагы келин ооруканада үзүлдү. Өлкөдө акыркы эки жылда жайырмага жакын аял күйөөсүнүн же чогуу жашаган кишинин колунан мерт болду.

Azattyk.org 

Эрдогандын саясий атаандашы, Стамбулдун мэри соттолду

Түркиянын соту Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуну "бийлик өкүлдөрүнө акараат келтирди" деген айып менен эки жарым жылга эркин ажыратты.  14-декабрда Стамбул шаардык соту Имамоглуну 2 жыл 7 ай 15 күнгө эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Азыр Стамбулдун мэри өз ордунда иштеп жатат. Бирок сот өкүмү күчүнө киргенден тарта кызматынан кол жууйт. Түркиядагы эң чоң шаардын башчысы шаршембинин кечинде он миңдеген тарапташтарына кайрылып, соттун чечимин мыйзамсыз деп айтты. "Бул соттун чечими - Түркияда адилетсиздиктин далили. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан Перс булуңундагы портту кантип пайдаланат?

Кыргыз өкмөтү Бириккен Араб Эмираттарынын порттору аркылуу деңизге чыгууга шарт түзүлгөнүн жарыялады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эмираттагы AD Ports Group жана Maqta Gateway ири компаниялары менен келишимге койгону 14-декабрда кабарланды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров макулдашууларга кол коюлушун тарыхый күн катары баалап, "өлкөгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берерин" айтты. Экономика жана коммерция министрлиги менен AD Ports Group компаниясынын кол койгон келишимине ылайык... Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖКда эки фракция Бишкектин мэрин кызматтан алуу сунушун берди

Жогорку Кеңеште 15-декабрда Бишкек шаарын каптаган ыш көйгөйүн талкуулаган жыйында “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алууну сунуштады. Маалыматка ылайык,сунуш жазуу жүзүндө берилбегендиктен, бул демилге азырынча парламент кабыл алган токтомго киргизилген жок. “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы да кызматтан алуу демилгесин көтөрдү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Перуда нааразылык акцияларынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Перунун жаңы бийлиги өлкөдө президент Педро Кастилього импичмент жарыялангандан кийин башталган жапырт нааразылык акцияларынан улам 30 күндү өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Мындан тышкары өкмөт түндө коменданттык саат киргизүүнү талкуулап жатат. Перунун өкмөтү кабыл алган декретке ылайык, жарандар бир ай бою өлкөдө эркин чогула албайт. Полиция аскерлердин жардамы менен үйлөрдү уруксатсыз же соттун чечимисиз тинте алат. Перунун коргоо министринин айтымында, бул чаралар тартип орнотууга, экономикалык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаштардын талабына жооп берген китепкана кандай болот?

“Азыркы кыргызстандык” подкастында Таш-Көмүр шаарында жаштардын, жалпы эле окурман талабына жооп берген коомдук китепкана ачам, ошону менен аң-сезимди өзгөртөм деген Чыңгыз Урматалиев менен баарлашабыз. Коворкинг деген эмне? Жаштардын талабына жооп берген китепкана кандай болот?

Azattyk.org 

Семейде ЖЭБдеги өрттөн улам жылуулук берүү азайды

Казакстандын Абай облусунун борбору Семей шаарындагы Жылуулук электр борборунда 15-декабарга караган түнү өрт чыгып, калаадагы үйлөргө жылуулук берүү азайды. "Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, өрт бир саатта өчүрүлгөн, бир катар системалар иштен чыккандыктан жабдуулар кол менен иштетилүүдө. "Теплокоммунэнерго" мамлекеттик ишканасы өрт электр өткөргүчтөр иштебей калганда чыкканын билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги от казандарды көмүр менен камсыздоого аскер кызматкерлери тартылганын кабарлады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө үйлөр жакшы жылыбай жатканына нааразылык жаралды

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын айрым райондорунун тургундары жылуулук тармагынын ишине нааразы болуп жатышат. "Озоди" радиосу кабарлагандай, жашоочулардын айтымында, быйыл үйлөрдөгү борбордук жылытуу батареялары бөлмөлөрдү толук жылытпай жатат. Калаанын Жылуулук тармактар башкармалыгы комментарий берген жок, бирок "Барки Точик" мамлекеттик энергохолдинги мындай көйгөйдү ырастап, буга Өзбекстандан келген газдын азайышы себеп экенин билдирди. Өзбек бийлиги өткөн аптада ички тартыштыктан газ экспортуна чектөө киргизген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: мигранттар 10-январга чейин медициналык текшерүүдөн өтүшү керек

2021-жылдын 29-декабрына чейин Орусияга барган Кыргызстандын жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин манжа изин мамлекеттик каттоодон өткөрүп, медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Ушул жылдын 11 айында Орусияда 152 миңдей кыргызстандык мигрант медициналык кароодон өтүп, алардын ичинен 2,5 миңи (1,7%) кошумча текшерүүгө жиберилген. Алардын теңинен жугуштуу оорулар аныкталган. Орусияда сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону... Читать дальше...

Azattyk.org 

Стамбулдун оппозициячыл мэри абакка кесилди

Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу бийликке акаарат келтирген деген негизде эки жыл жети айга кесилди. Ошондой эле жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө да тыюу салынды.  14-декабрда шаардык сот ушундай чечим чыгарды. Чечим күчүнө кире электигине байланыштуу Имамоглу өз ордунда иштеп жатат. Анын иши Жогорку сотто каралышы мүмкүн.  Имамоглу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга ачык каршы чыккан саясатчылардын бири. Сот анын 2019-жылдагы билдирүүсүн “бийликти мазактоо” катары тааныган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жамила Муратова: Сөздүн күчү менен обон жаратам

Сыябан-маектин кезектеги коногу - токсонунчу жылдары «Ак кайың», «Айлуу түндө» өңдүү ондогон обондуу ырлары менен музыка сүйүүчүлөрдүн кеңири катмарына таанылган белгилүү композитор жана аткаруучу Жамиля Муратова.

Azattyk.org 

Мангистау: айлыкты көтөрүүнү талап кылган мунайчылар талаада түнөп жатышат

Казакстандын Мангистау облусунда айлык акыны көтөрүүнү талап кылган мунайчылар 12-декабрдан бери талаада түнөп жатышат. Алар Түпкарагаран районундагы Каражанбас кенин иштеткен Phystech II компаниясынын кызматкерлери. 15-декабрда “Азаттыкка” комментарий берген мунайчылар компаниянын директору Ернар Байжалиев менен анын орунбасары Талгат Кадыровду кызматтан алууну да талап кылышты. Вахта ыкмасында иштеген мунайчылар нааразылык иретинде талаага боз үй тигишкен. Аларга полиция келип, боз үйлөрдү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда бардык мектептер онлайн окутууга өттү

Балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу буга чейин 509 мектеп, 168 бала бакча карантинге жабылган болчу. Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн кабарлаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкектин мэри кызматтан кетүү ниети жок экенин билдирди

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров өз арызы менен кызматтан кетпей турганын билдирди. Бул тууралуу ал 15-декабрда Жогорку Кеңеште депутат Элмурза Сатыбалдиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Сатыбалдиев мэрдин президент Садыр Жапаров менен жеке мамилеси бар экенин айтып, шаардагы маселелерди чече албаганы үчүн өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырды. “Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп атканыма тогуз ай болуп калды. Менде андай ой жок. Алдыда пландарымды ишке ашырайын деген оюм бар. Мэрлер 5-6 ай же бир эле жыл иштебеши керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: күн ачык болот

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-декабрда Кыргызстанда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10, Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 7…12, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8, Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -5…-10. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда 168 бала бакча карантинге жабылды

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда 168 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Чүй облусунда 50, Баткенде эки, Ысык-Көлдө 18, Нарында төрт, Жалал-Абадда 19 жана Таласта 75 мектепке чейинки билим берүү уюму убактылуу жабылды. Өлкөдө баш-аягы 1712 бала бакча бар. Андан тышкары балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн, 509 мектеп онлайн окутууга өттү. Ооруларды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сөөгү сандыктын ичинен табылган келиндин өлүмүнө шектүү Өзгөндөн кармалды

14-декабрда Өзгөн районунун 49 жаштагы тургуну адам өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Ал өзү менен сегиз айдан бери жарандык никеде жашап жүргөн 36 жаштагы келиндин өмүрүн кыйганы айтылууда. Милициянын маалыматына ылайык, шектүү мурда Казакстанда соттолгон. Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылында төрт балалуу келиндин сөөгү 1-декабрда өзүнүн үйүндөгү сандыктан табылган. Окуяны Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө маркум күч колдонуунун айынан каза болгону аныкталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек: Мэр таштанды заводу боюнча маселе дээрлик чечилгенин айтты

Бишкекте таштанды полигонун иретке келтирип, таштандыны кайра иштете турган заводду куруу маселеси дээрлик чечилип калганын 15-декабрда Жогорку Кеңеште борбор калаадагы ыш маселеси талкууланып жатканда мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Ал эки чоң компания менен сүйлөшүүлөр аяктап калганын, парламенттин Бишкекте 2023-жылы таштандыны кайра иштетүү заводу курулушу керек деген тапшырмасы аткарылаарын айтты: “Бирөө чехтердин компаниясы, бирөө америкалык. Америкалык ишкана таштандыны 95% кайра иштетет, чехиялык компания 70%. Читать дальше...

Azattyk.org 

Гараж кооперативдери мэрия алдына акцияга чыгышты (видео)

Бишкек шаарында Совет мезгилинде курулган гараж кооперативдеринин өкүлдөрү бүгүн 15-декабрда мэриянын алдына нааразылык акциясына чыгышты. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдагандай, акцияга 100дөн ашуун адам катышууда. Алар мэриянын гараждарды буздуруу чечими мыйзамсыз экенин айтууда. Чогулгандарга вице-мэр Нурдан Орунтаев чыгып, шаар башкармалыгынын позициясын түшүндүрүүгө аракет кылды. Мэриянын муниципалдык жерде жайгашкан деген менчик гараждарды алуу аракети алардын ээлеринин нааразылыгына туш болуп келе жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда 509 мектеп карантинге жабылды

Кыргызстанда балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн, 509 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу билим берүү, илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты. "15-декабрга карата карантинге жабылган мектептердин саны 509 болду. Биз күнүгө мектептердин санын тактап, эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп жатабыз", - деди Ашымбаева. Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда соңку аптада... Читать дальше...



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



103news.com — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Не нравится, не хотите слышать — не читайте, читаете — будьте взаимно вежливы и корректны в своих высказываниях. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — обозреватель новостей. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. 103news.com — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от 123ru.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе


103news.com — информационный сайт, транслирующий новости города Вашего города онлайн. Всё, что происходило и происходит в городе — в оперативной ленте ежедневных новостей в интерактивном режиме на сайте 103news.com.

Самые свежие новости Вашего города, а также полный архив ежедневных событий города с аналитикой, комментариями и прямыми ссылками на источники информации. Местные городские, авторитетные региональные и популярные федеральные новостные агентства и телеканалы — в одной ленте новостей, упорядоченные по времени публикации и с обязательным указанием первоисточника информации. Ничего лишнего. Всё о чём говорят, пишут в газетах и блогах, показывают по телевизору и транслируют в интернете — из первых рук.



103news.com — самый полный календарь значимых и не очень событий Вашего города, в Вашем городе и о Вашем городе вчера, сегодня и прямо сейчас — от пользователей нашего сайта в режиме онлайн. А также — актуальные статьи и мировые новости.

Если же Вы проживаете в городе Вашем городе или у Вас есть просто интересная информация о городе и горожанах мы всегда рады разместить её на нашем портале с указанием в публикации Вашего авторства. Пишите нам на электронный адрес: mail@29ru.net. Создайте свой блог и, если он будет интересен, то Вы получите совершенно бесплатно баннер и прямую ссылку на него, размещённую на всех страницах региональных интернет-ресурсов нашей веб-группы, а это — более 1 000 000 просмотров в месяц.







103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Композитор Классической музыки Сергей Брановицкий представляет произведения классической музыки.

Пресс-релиз | CRYPTONIUM | Новая экосистема для заработка на криптовалюте | Арбитраж | Трейдинг | Обучение

Артистка шапито "Радуга" из Москвы сообщила, что 15 собак из цирка могут стать бездомными

Мужчина заживо сжег знакомого в Новой Москве


Москва

Москву и Санкт-Петербург назвали лучшими городами для подработки






Rss.plus
Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Шевчук

«Эта концепция вывозит»: критикующий Россию Шевчук призвал своих зрителей к революции




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Заместитель директора Росгвардии генерал-полковник Алексей Воробьев поприветствовал участников патриотического конкурса в Центре спорта и образования «Самбо-70»

Сотрудники Росгвардии на комплексе Байконур приняли участие в спортивном мероприятии «Наследники Победы»

Московское "Динамо" возглавило турнирную таблицу РПЛ


ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


WTA

WTA огорчила Елену Рыбакину после турнира в Мадриде



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России