"Азаттыктын" акындарынан ыр белек
Урматтуу окурман, угарман, күйөрман журту! "Азаттыктын" жамааты баарыңыздарды кирип келген Жаңы жыл майрамыңыздар менен куттуктайбыз! 2023-жылы экономикабыз, илим-билимибиз, маданиятыбыз коёндой жүгүрүп, алдыга кетсин. Элибиз ден соолукта болсун. Наристелер ачык, тынч асман алдында күлүп чоңойсун. Элге кайрат берген Чындыктын үнү буулбасын! "Азаттык" үчүн ар бир окурман, угарман, көрөрмандын пикири кымбат! Анткени Ала-Тоону көрккө бөлөп, Кыргызстанды Борбор Азиядагы демократия аралчасы катары тааныткан бул анын Эли! Читать дальше...