Былтыр Кыргызстанда 45 миңден ашуун кылмыш иши катталган
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы өлкөдө күч түзүмдөрү тарабынан 45 миң 96 кылмыш иши катталып, анын 42 миң 498и милиция кызматкерлеринин кароосуна берилген. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда ИИМдин жыл жыйынтыгын чыгарган жалпы жыйынында айтылды. Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов катталган кылмыш иштеринин дээрлик 60% бети ачылганын айтты. "2022-жылы калктын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында биз таасирдүү иш алып бардык. Милициянын ишин жакшырта алдык... Читать дальше...