Үч, төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сом сүйүнчү берүү сунушталды
Кыргызстанда үч же андан көп эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолу 500 миң сом сүйүнчү пул берүү демилгеси көтөрүлдү. Тиешелүү токтом долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Самыйкожо сунуштады. Парламенттин басма сөз кызматы долбоор 3-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында талкууланып, колдоо тапканын билдирди. Расмий маалыматка караганда, 2022-жылы өлкөдө 1380 эгиз, 13 үч эм жана 1 төрт эм төрөлгөн. 2021-жылы 1452 эгиз... Читать дальше...