БУУ күйүүчү май берилбесе, Газадагы иши токтошу мүмкүн экенин эскертти
БУУнун Палестин качкындары боюнча агенттиги күйүчү май тартыш болуп жаткандыктан, Газадагы иши токтоп калышы мүмкүн экенин дүйшөмбү күнү эскертти. “Газага күйүүчү май жеткирүүгө уруксат берилбесе, гуманитардык операциялар 48 сааттын ичинде үзгүлтүккө учурашы ыктымал”, - деп жазды агенттиктин Газадагы директору Томас Уйат Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнгө. Израил менен ХАМАСтын (АКШ жана Еврошаркет террордук уюм деп тааныган) согушу курчуганы блокадада калган тилкеде гуманитардык абал күндөн күнгө начарлап баратат. Читать дальше...