13-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 13-округдагы жыйынтыкты өзгөртүп, үч талапкерди - Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекованы жеңүүчү деп тапты. Бул округда 1-мартка кайра шайлоо белгиленип, 25 талапкер үгүт иштерин баштаган эле.
АКШ сейрек металл базарында Казакстанды Кытайга альтернатива катары көргүсү келет. Бул тууралуу 13-февралда АКШнын Казакстандагы жаңы элчиси Жули Стаффт билдирди.
"Биз Казакстанды Кытай көзөмөлдөгөн сейрек металл базарына альтернатива катары көрө алабызбы? Ооба", — деди элчи Стаффт "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына.
Кызматына киришкенден бери Астанада алгач ирет журналисттер менен жолуккан Жули Стаффт эки өлкөнүн саясий жана коммерциялык мамилелери, сөз эркиндиги жана адам укуктары боюнча суроолорго жооп берди. Читать дальше...
13-февралда президент Садыр Жапаров интервью берип, Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагасынан алуу чечимин түшүндүрдү. Ал парламенттин ичинде жана сыртында экөөнү бөлүүгө жасаган аракеттер болгонун, иштен алуу менен ал Ташиевдин өзүн сактап калганын, мындан алардын достугуна шек кетпей турганын билдирди. Келерки президенттик шайлоодогу аны менен ыктымал атаандаштык жөнүндө да үн катып, каалаган адам саясий жарышка түшө аларын билдирди. Президенттик шайлоого байланыштуу 75 адамдын кайрылуусунан кийин Камчыбек Ташиев кызматтан алынып... Читать дальше...
Европаны каптаган "Нильс" бороонунан улам кеминде үч адам каза болду. Бул тууралуу AFP агенттиги 13-февралда кабарлады.
Франциянын түштүк-батышында бороон маалында бир адамдын өмүрү кыйылганын өкмөттүн өкүлү Мод Брежон TF1 радиосуна билдирди.
Испанияда 46 жаштагы аял кампасынын чатыры кулап мерт болгон.
Мындан бир күн мурда Францияда жүрүп бараткан жүк ташуучу автоунаага бак кулап, айдоочусу ошол жерден мүрт кеткен.
Франция менен Испанияда бороондун кесепетинен дагы беш адам оор жаракат алды. Дагы ондогон адамдар жеңил жаракат алышкан. Читать дальше...
13-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт аралык кеңешинин алгачкы жыйыны Бишкекте өттү. Ага тажик премьер-министри Кохир Расулзода баштаган делегация келди. Жыйында эки тараптуу кызматташтыктын бир катар конкреттүү маселелери талкууланып, долбоордук демилгелер да көтөрүлдү.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча №13 округдун жыйынтыгы жокко чыгарылган чечимге байланыштуу арыздарды карады. Ушул округ боюнча үч талапкер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова БШКга кайрылып, ошол чечимди жокко чыгарууну өтүнгөн.
Алар №13 округдагы добуш берүүнү жокко чыгарууга талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтарынын добушканаларга телефон орноткону негиз болгонун, башка талапкерлердин эч кандай мыйзамсыз аракети катталбаганын жүйө келтиришкен. Читать дальше...
Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Жаңы спикердин тушунда кыргыз парламенти өз вазыйпасын кандай аткара алат? 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу өз эрки менен кызматтан кетти.
Казакстандын Маңгыстоо облусундагы айнек-пластик түтүктөрдү чыгарган заводдун кыскартууга кабылган 80ге жакын кызматкери митингге чыгып, өз талаптарын айтышты. Бул тууралуу 13-февралда Lada.kz басылмасы жазды.
"Бул жерде баары жергиликтүү тургундар иштейт, кызматкерлердин көбүнүн эмгек стажы 20 жыл жана андан көп. Баарыбыздын үй-бүлөбүз бар, үчтөн жана андан көп балабыз бар, кредиттерибиз бар, инфляция азыр өтө жогору. Азыр бизди кыскартуу коркунучу күтүп турат. Үй-бүлөбүздү кантип багабыз, төлөмдөрдү кантип жабабыз? Читать дальше...
Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы 13-февралда билдирди.
Маалыматта жол тейлөө ишканалары унаа жолундагы жана ашуулардагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кар тазалап, инерттик материалдарды себүүдө.
Министрлик кандай кырдаал болбосун, айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырды.
Мунун алдында... Читать дальше...
Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айыл аймагындагы көчкү алдында калган малчыны издөө иштери кеч киргенине байланыштуу 14-февралда уланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Куткаруучулар издөө иштеринин биринчи күнүндө он баш койдун тарпын табышкан. Алар көчкү түшкөн жерден беш чакырым ыраактагы малчылардын үйүндө түнөп, эртең издөөнү улантат.
12-февралда 59 жаштагы Д.А. аттуу малчыны 50 баш кою жана бир аты менен көчкү басып калганы боюнча маалымат түшкөн. 13-февралда... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кармалгандардын арасынан биринчи жолу кылмыш жасагандарга мыйзамдуу негиздер болсо ырайым кылуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.
Мамлекет башчы бул тууралуу 13-февралда мындай кылмыштар үчүн кармалгандардын жакындары менен жолугушууда айтып, бул үчүн шектүүлөрдүн туугандары расмий өтүнүч менен кайрылышы керектигин, ал белгиленген тартипте караларын кошумчалады.
Баңгизат кылмышы үчүн кармалгандардын, сот жообуна тартылгандардын... Читать дальше...
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов кызматтан алынып, анын ордуна Бектур Зулпиев дайындалды. Алмасбек Абытов “Азаттыкка” ден соолугуна байланыштуу кызматтан өз каалоосу менен кеткенин билдирди. Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу “Ынтымак ордо” азырынча комментарий бере элек.
59 жаштагы Алмасбек Абытов 2019-жылдан бери өкмөттүн, кийин президент менен аткаруу бийлигинин парламенттеги өкүлү болуп иштеп келаткан.
Ал эми 61 жаштагы Бектур Зулпиев мамлекеттик кызматка 1997-жылы келип... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) калың кардан улам 12-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирди.
Министрликтин маалыматында Бишкек–Ош автожолунун 255–260-чакырымдарында (Пельменный, Элик тилкеси) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылып, 13-февраль саат 12:00дө ачылды. Жабыркагандар жок. Токтогул районунун “Арал” постунда машинелердин бардык түрүнө улам чектөө киргизилүүдө.
Мындан тышкары Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автожолунда бир нече тилкеге кар көчкү түшүп... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 13-февралда Бишкекке иш сапар менен келген Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алды. Президенттин администрациясы билдиргендей, Жапаров жолугушууда кыргыз-тажик кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө маани берилерин айтты.
“Мындан тышкары, президент терроризм, диний экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, уюшкан кылмыштуулук сыяктуу трансчекара коркунучтарга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын баса белгиледи”, - деп жазылган маалыматта. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев соңку күндөрдөгү саясий окуялар боюнча билдирүү таратып, өлкөдөгү кырдаалга тынчсызданып жатканын билдирди. Ал кырдаалды “туруктуулукту бузган окуялар” деп атады.
Эркебаев президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Садыр Жапаровдун Конституциялык сотко кайрылуусу маанилүү экенин белгилеп, алдыдагы шайлоодо каалаган жарандарга катышууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
“Сот бул маселе боюнча, өткөн жолку өлүм жазасы боюнча чечиминдей эле, юридикалык жактан дыкат такталган... Читать дальше...
13-февралда Бишкек шаардык соту журналист Канышай Мамыркулованын адвокаттарынын апелляциялык арызы боюнча өкүм чыгарды.
Шаардык сот журналистти Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен актап, “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Сот муну менен аны алты жылга кесип, үч жылдык пробация жазасын чегерди.
Адвокат Нурбек Сыдыков журналист эки айып менен тең акталышы керектигин, чечимге макул эмес экенин айтты. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөт. Бул тууралуу жыйын өткөнүн министрликтин басма сөз кызматы 13-февралда маалымат таратты.
Кеңешмеде элге көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, лабораториялык диагностиканын бирдиктүү тутумун түзүү талкууланды. Анда сапат боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү, байкоо жана көзөмөл үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу тууралуу сөз болду. Читать дальше...
УКМК төрагасынын милдетин убактылуу аткарууга дайындалган Жумгалбек Шабданбеков тууралуу айтып беребиз. Шабданбеков 2020-жылдан бери УКМКнын төрагасынын орун басары болуп, ошону менен бирге жогорку саясий жетекчилерди кайтарган 9-кызматты башкарып келген.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2023-2025-жылдар аралыгында мамлекеттик ишканаларга 105 лицензия берилгенин билдирди. Мекеме лицензиялык талаптарды бузганы үчүн 320 лицензия жокко чыгарылганын, ушул тапта 2014 лицензия күчүндө экенин кошумчалады.
Мекеменин маалыматына караганда, акыркы беш жылда бул тармактан бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык каражат түшүп, 3,5 эсе өсүш болгон. Соңку беш жыл ичинде 141 тонна алтын өндүрүлдү.
Кумтөр кенинен 2021-жылдан бери 100,6 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Чүй облусунун Жайыл районундагы Бороондуу жайлоосунда көчкү басып калган жаранды издөө иштери уланып жатканын билдирди.
Бул тууралуу маалымат 13-февралга караган түнү аймактык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшүп, 49 жаштагы Д.А. аттуу жаран 50 баш кой жана бир аты менен көчкү алдында калганы айтылган.
Мекеме билдиргендей, 24 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүү үчүн көчкү түшкөн жерге жөнөп кетишти.
ӨКМ 11-13-февраль күндөрү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында көчкү түшүүсү мүмкүн экенин эскерткен.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) жапырт башаламандыкка айыптап кармаган беш саясатчыны Бишкектин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алды. Алардын бөгөт чарасы 12-февралда каралып, 10-апрелге чейин абакта кармоо чечими чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
ИИМ 11-февралда коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, вице-премьер, экс-депутат... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди УКМК төрагасы кызматынан алуу чечимин түшүндүрдү. Ал Жогорку Кеңештин ичинде жана сыртында экөөнү бөлүүгө жасаган аракет болгонун, иштен алуу менен ал Ташиевдин өзүн сактап калганын, мындан алардын достугуна шек кетпей турганын айтты.
Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода иш сапар менен Бишкекке келди. Бул тууралуу 13-февралда кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Сапардын жүрүшүндө Расулзода кыргыз-тажик өкмөт аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Кеңештин жыйынында кандай маселелер каралары расмий кабарлана элек. Бирок анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлары белгилүү болду.
Былтыр март айында эки өлкөнүн президенттери ортодогу чек араны толук тактаган макулдашууга кол койгон. Чек ара... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 13-февралда расмий интервью берип, Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан алуу чечимин түшүндүрдү. Ал Жогорку Кеңештин ичинде жана сыртында экөөнү бөлүүгө жасаган аракеттер болгонун, иштен алуу менен ал Ташиевдин өзүн сактап калганын, мындан алардын достугуна шек кетпей турганын билдирди.
Келерки президенттик шайлоодогу аны менен ыктымал атаандаштык жөнүндө да үн катып, каалаган адам саясий жарышка түшө аларын билдирди. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген соңку маегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толук, айрымдарын ашыгы менен аткарганын, эми реформа жүргүзүлөрүн айтты.
Өлкө башчы “атайын кызматта заманбап коркунучтарга жана глобалдык өзгөрүүлөргө жооп бере турган реформа болорун” дүйнө өзгөрүп жаткандыктан, мамлекеттик институттар да алдыга жылып, жаңыланып турушу зарыл экенин билдирди.
Журналисттин “социалдык тармактарда коррупцияга... Читать дальше...
Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России
103news.com — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Не нравится, не хотите слышать — не читайте, читаете — будьте взаимно вежливы и корректны в своих высказываниях. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — обозреватель новостей. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. 103news.com — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от 103news.com — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.
Новости от наших партнёров в Вашем городе
103news.com — информационный сайт, транслирующий новости города Вашего города онлайн. Всё, что происходило и происходит в городе — в оперативной ленте ежедневных новостей в интерактивном режиме на сайте 103news.com.
Самые свежие новости Вашего города, а также полный архив ежедневных событий города с аналитикой, комментариями и прямыми ссылками на источники информации. Местные городские, авторитетные региональные и популярные федеральные новостные агентства и телеканалы — в одной ленте новостей, упорядоченные по времени публикации и с обязательным указанием первоисточника информации. Ничего лишнего. Всё о чём говорят, пишут в газетах и блогах, показывают по телевизору и транслируют в интернете — из первых рук.
103news.com — самый полный календарь значимых и не очень событий Вашего города, в Вашем городе и о Вашем городе вчера, сегодня и прямо сейчас — от пользователей нашего сайта в режиме онлайн. А также — актуальные статьи и мировые новости.
Если же Вы проживаете в городе Вашем городе или у Вас есть просто интересная информация о городе и горожанах мы всегда рады разместить её на нашем портале с указанием в публикации Вашего авторства. Пишите нам на электронный адрес: mail@29ru.net. Создайте свой блог и, если он будет интересен, то Вы получите совершенно бесплатно баннер и прямую ссылку на него, размещённую на всех страницах региональных интернет-ресурсов нашей веб-группы, а это — более 1 000 000 просмотров в месяц.
Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.
103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.
Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.
103news.com — международная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.