УКМК: Бабанов Кыргызстанга келсе, жоопко тартылат
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. Мындай билдирүүнү атайын кызмат 9-августка караган түнү таратты.
«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалга байланыштуу Бишкекке учуп келүүнү чечкен.
8-августта партиянын атынан таратылган билдирүүдө президент Сооронбай Жээнбековду жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди маселени тынчтык жана мыйзам жолу менен диалог аркылуу чечүүгө чакырыгы ташталган.
Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда Москвада.
Ал апрелде да Кыргызстанга кайтуу үчүн учакка билет алганын айтып, бирок келбей калган.
УКМКнын маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири "2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде болсо, экинчиси "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен ачылган. (SE)