Алайда жер силкинди
15-декабрь таңга жуук Ош облусунун Алай районунда очогунда 3,5 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады.
Жер титирөөнүн эпицентри аталган райондогу Бор-Дөбө айылынан 13 чакырым алысыраак жерде болду. Бул кыштакта болсо силкинүүнүн күчү 3 баллга чейин сезилди.
Зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор болгон-болбогону тууралуу маалымат айтыла элек. (ErN)