Белгилүү казак саясатчысы Абдилдиндин сөөгү жерге берилди
Алматыда белгилүү мамлекеттик ишмер Серикболсын Абдилдин менен коштошуу зыйнаты өттү. 3-январда Казак мамлекеттик филармониясынын имаратына укук коргоочулар, жарандык активисттер, оппозициячыл саясатчылар чогулду. Коштошуу зыйнатына шаардык бийликтин өкүлдөрү да катышты.
Казакстандагы Адам укуктары боюнча бюронун жетекчиси Евгений Жовтис Абдилдинди "Казакстандын эгемендигинин башатында турган алп ишмер" деп атады.
"Серикболсын Абдилдин адилеттүү саясаттын үлгүсүн көрсөтө алган саналуу саясатчылардын бири", - деди Жовтис.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевди "бийликти узурпация кылып алды" деп кескин сындап келген Абдилдин 82 жашында жаңы жылга караган түнү көз жумган. Анын сөөгү Алматыдагы "Кенсай - 2" көрүстөнүндө жерге берилди.
Серикболсын Абдилдин 1991-1993-жылдары Казакстандын Жогорку Советинин төрагасы болгон. 1990-жылдардын орто ченинде Абдилдин оппозицияга өтүп, көп жылдар бою Казакстандын Коммунисттик партиясын жетектеп турду.
1999-жылы мамлекет башчылыгына ат салышып, шайлоодо ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевден кийинки экинчи орунга ээ болгон.