CNN жана Bloomberg Кыргызстанды мыкты туристтик өлкөлөрдүн катарына кошту
![CNN жана Bloomberg Кыргызстанды мыкты туристтик өлкөлөрдүн катарына кошту](https://gdb.rferl.org/7CB18912-8705-4A7B-AE8C-D834564F2808_cx0_cy6_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызстан эки белгилүү маалымат каражатынын дүйнөлүк туризм боюнча мыкты өлкөлөр рейтингине кирди.
CNN телеканалы Кыргызстанды турист катары эс алууга ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, Bloomberg экономикалык жаңылыктар агенттиги 2020-жылы туризм үчүн кызыктуу боло турган 24 өлкөнүн бири деп атады.
Дүйнөдө туризм ички дүң өнүмдүн 10 пайызын түзөт.
Кыргызстанга соңку жылдары келип кеткен туристтердин саны 1 миллиондун тегерегинде болууда. (RK)