Матраимов журналисттин сабалышы боюнча пикирин билдирди
![Матраимов журналисттин сабалышы боюнча пикирин билдирди](https://gdb.rferl.org/513E3F70-C24E-4DF6-99EE-39D94B2510A7_w800_h450.jpg)
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов журналист Болот Темировго кол салуу боюнча пикирин билдирди. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына Темировдун сабалышы анын кесибине байланыштуубу же башка себептери барбы деген суроо тактала элек экенин жазган.
«Эгер журналисттин сабалышы анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо, ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт. Журналист гана эмес, башка жарандардын да сабалышы - мыйзамга каршы аракет. Тиешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл», деп жазган Искендер Матраимов.
Буга чейин Болот Темиров кол салууну журналисттик ишмердиги менен байланыштырган. Ал «FactCheck» порталы жарыялаган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланышы мүмкүн деп божомолдоп жатканын кошумчалады. Райымбек Матраимов - депутат Матраимовдун бир тууган иниси. (BkA)