Учак кырсыгына байланыштуу Украина аза күтүп жатат
Украинанын президенти Владимир Зеленский 176 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгына байланыштуу 9-январды аза күтүү күнү деп жарыялады.
«Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учак 8-ноябрда таңга маал Ирандын борбору Тегерандан Киевди көздөй учуп чыгары менен эле кырсыкка кабылган.
Учакта жети өлкөнүн жарандары отурган жана ажал тапкандардын көбү ирандыктар менен канадалыктар экени белгилүү болгон. Украина кырсыкта 11 жаранын жоготту жана алардын тогузу экипаж мүчөлөрү болушкан.
Кырсыктын себептерин иликтеш үчүн украиналык адистер Тегеранга учуп келишти.
Авиакомпания учак кырсыктан эки күн мурун эле техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөнүн, азырынча Тегеранга бардык каттамдар токтотуларын билдирген. Маалыматтарга ылайык, кулаган учак мындан 4 жыл мурун заводдон чыккан.