Алайлыктар Бишкектеги “Ынтымак” паркына көчөт отургузду (видео)
Бишкектеги “Алай” коомунун мүчөлөрү "Ынтымак" сейил багына жүз түп кызыл карагайдын көчөтүн отургузушту.
Алар борбор калааны көрктөндүрүүгө өлкө боюнча аракет кылышы керек экенин айтышууда.
Кийинки кезекти Ак-Талаа районунун тургундарына өткөрүп берип, өлкөнүн башка аймактарында бул демилгени колдоого чакырышты.
Бишкектеги “Ынтымак” сейил багы былтыр ачылган. Анын жалпы аянты 10 гектарды түзөт. (BkA/GT)