Наргиза: Австралияда өрт чөлгө гана жете элек
![Наргиза: Австралияда өрт чөлгө гана жете элек](https://gdb.rferl.org/C9300C8E-AFE3-49C8-BD25-104464F6E795_cx3_cy15_cw90_w800_h450.jpg)
Австралияда өлкө тарыхындагы эң күчтүү өрт өчпөй жатат. Континенттин бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Соңку айларда Австралияда күчөгөн өрттө 27 адам, миллиарддаган жаныбар өлдү. Кырдаал тууралуу ал жакта 15 жылдан бери жашаган журтташыбыз Наргиза Хакимова айтып берди.