Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында жер силкинди
![Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында жер силкинди](https://gdb.rferl.org/B778D2F6-62EC-469A-AEA6-DB576644052D_w800_h450.jpg)
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 15-январда саат 15:19да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында төрт балл, Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарында үч баллга чейин сезилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин билдирди. (BTo)